Бишкек-Ош жолунда “тонировка” аттуу рейд жүрүүдө
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен Транспорт жана жол министрлиги биргеликте Бишкек-Ош жолунда автоунаасынын айнегин караңгылатып жүргөн айдоочуларга каршы рейд уюштурууда. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Январдан тартып күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекске ылайык, машинелердин “тонировкаларын” тескөө Транспорт жана жол министрлигине жүктөлгөн.
Бирок өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду парламентке жөнөттү. Ал мыйзам долбоорунда машиненин айнектерин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айып пул салуу кайра Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлоруна жүктөлөт.
22-январдагы рейдде Транспорт жана жол министрлиги менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) машиненин маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүргөн 94 жаранга протокол толтурушту. Бул иш эки жарым сааттын ичинде аткарылган.
Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетов “Азаттыкка” билдиргендей, айдоочуларга жалпысынан 282 миң сом айып пул салынды. Айыптын өлчөмү жеке жактар үчүн 3000, ал эми юридикалык тараптар үчүн 13 000 сом. (TSh)