Июлда күйүүчү майга баа кымбаттабайт
Быйылкы жылдын алты айында Кыргызстанга ташылып келген бензиндин баасы 2,6 сомго же 6,5%, ал эми дизелдик отундун баасы 4,4 же 11% кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, баанын кымбатташына Орусиядагы мунай заводдорундагы күйүүчү-майдын тартыштыгы себеп болгон.
Ал эми июлдан тарта Орусияда бензин базарындагы абал турукташкандыктан Кыргызстанда да күйүүчү майга баа туруктуу кармалары болжолдонууда.
Учурда Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 43 сомдон 44 сом 30 тыйынга чейинки баада сатылат. АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45 сом 50 тыйындан тартып 47 сомго чейинки баада. Жогорку сапаттагы АИ-98 бензини 49 сом 50 тыйындан 49 сом 90 тыйынга чейин турат. Дизелдин наркы. 44-45 сомдун тегерегинде.
Жалпысынан жарым жылда Кыргызстанга 504,5 миң тонна мунай продуктулары ташылып келген. Анын 234 миң тоннасы бензин болсо, калганы дизелдик отун.(BkA)