Ысык-Көлдө бүркүт тестиер кызга кол салды
Ысык-Көлдүн Тоң районунда өтүп жаткан “Тескей Жээк” фестивалынын жүрүшүндө бүркүт тестиер кызга кол салды. Жараат алган кыз ооруканага жеткирилди.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, оюн болуп жаткан чакта бүркүт чакыруу аянтына өспүрүм кыз чуркап кире калган, ошол учурда бүркүт кызды көмкөрөсүнөн басып, кежигесин жана далысын тытып алган.
Учурда кыздан абалы канааттандыраарлык.
"Тескей жээк" фестивалына келгендерге түрдүү улуттук ат оюндары тартууланып, "Салбуурун" көрсөтүлүп, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар уюштурулууда.(AsM/BkA)