АКШ: орус хакерлери шайлоо инфраструктурасына коркунуч жаратууда
АКШнын ички коопсуздук министри Кирстен Нильсен өлкөнүн шайлоо системасы орус хакерлеринин чабуулунан жетишерлик корголбогонун айтып чыкты. Бул тууралуу министр АКШ штаттарынын вице-губернаторлорунун алдында сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, америкалык чалгынчылар электоралдык инфраструктураны бузууга багытталган сырткы чабуулдарды байкап жатышат.
Ошондой эле Нильсен быйыл ноябрдагы Конгресске шайлоо алдында жасалчу чабуулдардын масштабын 2016-жылдагы президенттик шайлоо менен салыштырууга болбой турганын кошумчалады. Министрдин айтымында, бул ирет мурдагыдай бир талапкер же партияга каршы эмес, америкалык электоратты бөлүп-жарууга багытталышы мүмкүн.
Буга чейин АКШнын баш прокурорунун орун басары Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын 12 кызматкерине айып таккан эле. Алар АКШдагы эки жыл муруңку президенттик шайлоо маалында кийлигишкен деп айыпталууда.