Орусияда Конституцияны өзгөртүүгө каршы акциялар өттү
22-мартта Орусиянын бир катар аймактарында президент Владимир Путин сунуштаган контитуциялык түзөтүүлөргө каршы митингдер өттү. “Азаттыктын” орус кызматы билдиргендей, Красноярск шаарындагы акцияга 200дөй адам чогулду. Калининградда активисттер бир-бирден кезектешип Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы плакаттарды көтөрүп турушту. Ушундай эле акциялар Ростов-на-Дону, Чита сыяктуу бир нече шаарда уюштурулду. Новосибирск шаарында 40тай адам чогулуп, бийликтен саясий туткундарды бошотууну талап кылышты. Читать дальше...